Биз социалдык тармакта

Кыргызстанга картошканы алып кирүүгө 6 айга тыюу салынды

Кыргызстанга картошка импорттоого 6 айга тыюу салынды. Бүгүн, 16-октябрда тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кол койгонун өкмөттөн билдиришти.

Ага ылайык, бул чара ата мекендик картошка өндүрүүчүлөрдү колдоо жана ички рынокту өнүктүрүү максатында кабыл алынды. Мындай чектөөлөр төмөнкү учурда колдонулбайт:

  • Кыргызстан аркылуу транзит менен өткөрүлүүчү картошкага;
  • Бул токтом күчүнө киргенге чейин Кыргызстанга жөнөтүлгөн картошкага;
  • Илимий-изилдөө, сыноо жана башка атайын иш-чараларды жүргүзүү үчүн ташып келинүүчү картошкага.

Тескеме 2 күндөн кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан