Бүгүн, 16-октябрда өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Сироко Миссерлини менен табигый кырсыктардын алдын алуу жана алардын тобокелдигин азайтуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бул багытта швейцариялык компаниялардын инновациялык чечимдерин жана технологияларын Кыргызстанда колдонуу мүмкүнчүлүктөрү каралды.