21-25-октябрда Бишкек шаарындагы айрым көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу кечээ, 15-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, бул күндөрү Турдакун Усубалиев атындагы аянтта "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкелери өткөрүлөт. Буга байланыштуу төмөнкү көчөлөрдө унаа кыймылына чектөө киргизилет:
- Раззаков көчөсү: Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилке;
- Орозбеков көчөсү: Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилке;
- Эски аянт: Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки аймак;
- Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын айланасы.