Бүгүн, 16-октябрда Милициянын кайгуул кызматы мас абалында унаа башкарып жүргөн айдоочуларга ачуу чындык менен кайрылып, аларга ыр саптарын арнады.
"Айдоочу сага айтарым,
Азабы болбо барчанын!
Автокүлүк мингенде,
Алды-артыңды байкагын.
Алкоголь ичип башкарып,
Ажалы болбо канчанын!
Ансыз да далай жол кырсык,
Азайтып жатат жан санын…" - деп айтылат ыр саптарында.
Ички иштер министрлиги жол эрежелерин бузгандар мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыларын эскертип, жол кырсыктарынын алдын алуу жана адам өмүрүн сактоо негизги максат экенин белгиледи.