Биз социалдык тармакта

Чүй суу чарба башкармалыгында мыйзам бузуулар аныкталды

Чүй башкы суу чарба башкармалыгында 2025-жылы курулуш иштерин жүргүзүүдө мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу 16-октябрда Башкы прокуратура билдирди.
Анда сметалык наркты негизсиз жогорулатуу, ошондой эле бетон пайдубал-тирөөчтөрдү куруу боюнча аткарылган иштердин актыларына иш жүзүндөгү көлөмдөрүнө туура келбеген маалыматтарды киргизүү фактылары аныкталган.
Натыйжада мамлекетке 2 миллион сом өлчөмүндө зыян келтирилген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан