Эмгек министрлиги "Социалдык контракт" программасы пилоттук долбоорун текшерүү башталганын маалымдады.
Маалымдалгандай, долбоордун алкагында бир жумушсуз жаранды жумушка орноштурган ишкерге 150 миң сом кайтарымсыз каржылык колдоо көрсөтүлөт. Бир ишкер беш адамга чейин жумушсузду иш менен камсыздаса болот. Ишке алынган жарандын эмгек акысы аймактагы орточо маянадан төмөн болбошу керек.
Пилоттук долбоор 12 айга эсептелген жана Бишкек, Ош жана Каракол шаарларында, ошондой эле Кадамжай районунда ишке ашырылат.