Биз социалдык тармакта

Суваналиев менен Жапыкеев кыргыз тилинен кайра тест тапшырышса болот

Өмүрбек Суваналиев менен Сыймык Жапыкеев кыргыз тилинен өтпөй калган "жазуу" субтестин кайра тапшыра алышат. Бул тууралуу "Кыргызтест" мамлекеттик мекемеси билдирди.
Маалыматта алар президенттик шайлоого катышуу үчүн тест тапшырышып, анда "жазуу” субтестинен жетиштүү балл ала алышпай калышканы айтылат. Мекеме жалпы ички тартибине ылайык, субтесттин бирөөнөн 50-59 балл алып, өтпөй калган жарандар тестти 3 жумушчу күндөн кийин кайра тапшыра алышарын белгиледи.
Буга чейин Жапыкеев тесттен өтө албай калганын айтып чыккан. Жапыкеев да, Суваналиев да президенттик шайлоого аттанышарын билдиришкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан