Биз социалдык тармакта

Суу ресурстары кызматына жаңы директор дайындалды

Суу ресурстары кызматынын директору болуп Бактыбек Анаркулов дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, министр Эрлист Акунбеков жаңы жетекчини Суу ресурстары кызматынын жамаатына тааныштырды.

Бактыбек Анаркуловдун эмгек жолу:

Ал 1965-жылы Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Кеңеш айылында туулган.

1987-1991-жылдары Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Гидротехник-инженер адистигин аяктаган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде 1997-жылы юридикалык билим алган.

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды аркалаган, Аламүдүн районунун акими болгон. Үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын атасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан