Эртең, 17-октябрда Ош, Баткен облустарынын тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт.
Кыргызгидромет билдиргендей, Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын табы түнкүсүн +1…+3, күндүз +16…+18 градус болот.
Аймактарда абанын температурасы:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +1…+6, күндүз +14…+19
- Талас жергесинде түнкүсүн +1…+6, күндүз +16…+21
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25
- Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +1…+6, күндүз +12…+17
- Нарын облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз +14…+19