Кыргыз мушкери Марсель Нурланбек уулу менен өзбекстандык Самандар Реимбаевдин (Танк) беттештин алдындагы көз караштар таймашы ызы-чуу менен аяктады.
15-октябрда эки мушкер беттеш алдындагы жыйында түртүшүп, бири-бирине сокку урууга аракет кылышты. Коопсуздук кызматкерлери аларды арачалап калышты.
Эскерте кетсек, мушкерлердин беттеши эртең, 17-октябрда Ташкентте өтө турган IBA NOMAD 16 турниринин алкагында уюштурулат.