Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров дүйнөгө төрт демилгени алып чыгып, трасттык фонд түзүүнү да сунуштады

Бүгүн, 16-октябрда президент Садыр Жапаров Армениянын Ереван шаарында БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын алкагындагы лидерлер саммитинде сунуш киргизди.

Мамлекет башчысынын администрациясы кабарлагандай, Жапаров өз сөзүндө глобалдык жылуулук көйгөйлөрүн чечүү үчүн дүйнөлүк коомчулукка төрт негизги демилгени карап чыгууну сунуштаган. Айтсак, глобалдык экологиялык фонддун түзүмүндө атайын тоо программасын түзүү, Бишкек шаарында тоолуу аймактардын туруктуулугу боюнча глобалдык борборду уюштуруу, карызды жаратылышты коргоо боюнча милдеттенмелерге алмаштыруу механизмин (Debt-for-nature swaps) киргизүү, ошондой эле сейрек кездешүүчү жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүн коргоо боюнча аймактык кызматташтыкты чыңдоо.

Президент ошондой эле Ысык-Көлдү коргоо максатында Кыргызстан БУУнун колдоосу астында атайын трасттык фонд түзүү боюнча ишти баштаганын айткан. Мамлекет башчысы эл аралык каржы институттарын жана донор өлкөлөрдү бул демилгени колдоого чакырып, Кыргызстан мамлекеттик бюджеттен 10 миллион долларын бөлүүгө даяр экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан