Кыргыз Республикасынын Улуттук дзюдо федерациясынын жетекчилиги Эл аралык дзюдо академиясына иш сапары менен барып, спортчулар менен жолугушту.
Иш сапардын жүрүшүндө спортчулардын машыгуу шарттары менен таанышып, дзюдону өнүктүрүү жана спортчуларды колдоо маселелери талкууланды. Жолугушууда дүйнө жана Азия чемпиондуктарынын жеңүүчүсү, 2026-жылдагы Азия оюндарынын байге ээси Эрлан Шеровдун жетишкендиктери өзгөчө белгиленди.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев спортчуну жетишкендиктери менен куттуктап, алдыдагы мелдештерге ийгиликтерди каалады.
Эрлан Шеровго 10 миң АКШ доллары, анын жеке машыктыруучусу Роман Кузьминге 5 миң АКШ доллары тапшырылды.
Улуттук дзюдо федерациясынын президенти Тимур Ибрагимов Эрлан Шеровго 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырса, анын жеке машыктыруучусу Роман Кузьминди 5 миң АКШ доллары менен сыйлады.
Кыргыз спортунун ийгилиги — спортчунун талантынын, машыктыруучунун эмгегинин. жана үзүрлүү даярдыктын натыйжасы