Ошто ири транспорттук түйүндүн курулушу башталды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоор С. Жусуев, Курманжан Датка, Т. Касымбеков жана Б. Осмонов көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Достук” айлампасында ишке ашырылат.
Курулуштун алкагында транспорттук жол түйүнү, төрт пандус, сегиз тепкич жана жер алдындагы жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөк курулат. Ошондой эле унаалардын кыймылын жеңилдетүү үчүн айланма жолдор каралган.
Долбоордун жалпы аянты 6603 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер алдындагы өтмөктүн аянты 1622 чарчы метр болуп, диаметри 100 метрди түзөт.
Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланып, бир жылдын ичинде бүткөрүү пландалууда.
Долбоор жол кыймылын жакшыртууга, унаа тыгындарын азайтууга жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоого багытталган.