Президент Садыр Жапаров 16-октябрда Ереванда БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинде ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда билим берүү, илим, маданият, жаштар саясаты жана санариптик технологиялар тармактарындагы кызматташтыкты чыңдоо, ошондой эле тарыхый жана жаратылыш мурастарын сактоо маселелери талкууланды.
Мамлекет башчысы 2027-жылдын 21-23-октябрында Бишкекте өтө турган «Бишкек+25» экинчи глобалдык тоо саммитине даярдык көрүү маселесине токтолуп, ЮНЕСКОнун башкы директорун иш-чарага катышууга чакырды.
Ошондой эле Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоо үчүн БУУнун колдоосу астында эл аралык трасттык фонд түзүү демилгеси тууралуу маалымат берип, ЮНЕСКОнун эксперттик колдоосуна жана эл аралык өнөктөштөрдү тартууга көмөк көрсөтөрүнө ишеним артты.
Өз кезегинде Халед Аль-Анани Кыргызстандын көчмөн маданиятын сактоо жана жайылтуу жаатындагы салымын белгилеп, аны эл аралык деңгээлде таанытууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун соңунда тараптар өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө даяр экенин ырасташты.