Президент Садыр Жапаров 16-октябрда Ереван шаарында Армениянын президенти Ваагн Хачатурян менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда экономика, инвестиция, транспорт, айыл чарба, маалыматтык технологиялар, билим берүү жана туризм тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Атап айтканда, маалыматтык технологиялар жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү жана жасалма интеллект тармагында биргелешкен ишкана түзүү демилгесин иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү каралды.
Садыр Жапаров бул сапар Кыргызстандын президентинин Арменияга болгон алгачкы расмий сапары экенин белгилеп, ал эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берерине ишеним билдирди.
Ошондой эле тараптар саясий диалогду чыңдоо, аймактар аралык байланыштарды кеңейтүү, айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү жана тоо экосистемаларын сактоо жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты.
Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Армениянын президенти Ваагн Хачатурянды Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.