Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Инженердик изилдөөлөр департаментинин кызматкерлери “Манас” эл аралык аэропортунун кире беришиндеги арка куруу үчүн бөлүнгөн тилкеде инженердик-изилдөө иштерин жүргүзүштү.
Маалыматка ылайык, адистер 10 метрге чейинки тереңдикте скважиналарды бургулоо жана топурактын курамын, өзгөчөлүктөрүн аныктоо үчүн динамикалык зонддоо иштерин аткарышты.
Алынган топурак үлгүлөрү лабораторияга жөнөтүлүп, алардын физикалык-механикалык касиеттерин аныктоо үчүн сыноолор жүргүзүлөт.
Инженердик изилдөөлөр курулуштун коопсуздугун, бекемдигин жана узак мөөнөттүү пайдаланылышын камсыз кылууга багытталган долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу үчүн негиз болот.