Жылдыздар Шри-Ланкада крокодил менен таанышышты    

Шри-Ланкадагы кыргызстандык жылдыздардын эс алуусу эстен кеткис окуялар, кызыктар менен коштолууда. Инд океаны менен таанышып, толкун менен жарыша сууга түшүшкөн соң Бентота дарыясына сейилге чыгышты. Цейлон аралындагы суусу мол деп саналган бул дарыя Инд океанына куят. Мелмилдеп жаткан дарыя бир көргөн адамга жагымдуу, тынч, коопсуз туюлушу мүмкүн. Бирок иш жүзүндө андай эмес. Бир нече саатка созулган бул саякатта эс алуучулар эки ирет жээкте үргүлөп жаткан крокодилге туш болушту. Ооба, биринчиси кичинекей, гиддердин айтымында, 6-7 айлык, экинчиси өзүнүн жырткыч табиятын көрсөтүүгө жарай турган куракта эле. Таң калтырганы, мындай коркунучтарга карабастан, Бентотанын жээгинде кооз виллалар, отелдер абдан көп. Кезектеги вилланын жанынан өтүп баратканыбызда коштоп жүргөн гид жээкти көрсөтүп калды. Заңгыраган үйгө 5 метрдей жакын жерде ийриле килейген эчки эмер жатыптыр. Күнөстөп жаткандай туюлду бизге.
Жергиликтүү калктын көпчүлүгүнүн тиричилиги туристтер менен байланыштуу. Атүгүл айрымдар крокодилдин баласын кармап, дайындап алып буйткалуу жерге сёрфингдин тактайчасын элестеткен тактайда калкып туристтерди күтүп отурушат. Цейлондун кызыктарын көрүүгө ашыккан туристтер мына ушул кичинекей крокодилдер менен сүрөткө түшүп, чай пулун таштап кетишет. Ушинтип тиричилик өткөргөндөр көп экен.
Өнөр адамдары бар жерде сейил-саякаттар кантип ырсыз өтсүн? Табияттын кереметине таасирленген Каныкей көпчүлүктүн суранычы менен "Куурчак" деген ырын аткарып да берди.
Эскерте кетсек, «Супер-Инфо» көп жылдан бери жемиштүү кызматташып келе жаткан ырчы Каныкейге, рэпер Добрга, чечендикте алдына киши салбаган алпаруучу Нурзат Токтосуновага жана «Тамашоу» долбоорунун түзүүчүсү, алпаруучу Эрмек Нурбаевге гезиттин атынан кыштын ызгаардуу суугунда экзотикалык ысык өлкөлөрдүн биринде эс алууга жолдомо бергенЖылдыздар учурда "Супер сулуу-2013" сынагынын жеңүүчүсү Орункүл Шабралиева менен чогуу Инд океанындагы Цейлон (азыркы Шри-Ланка) аралында эс алып жүрүшөт. 
Каныкей: "Куурчак" Шри-Ланкада
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (46)
Bolo2
2014-02-06 02:52:57
lili айтыш керек баарын, мындай чек болбош керек менин оюмча
+2
Bolo2
2014-02-06 02:55:42
Ии баса жалан эле Каныкейго э бул жерде корупциялык жол болуп кеткенго я Фотографты сатып алганго(+_+)
+3
suiutbekov1989
2014-02-06 03:08:02
Bolo2, фото апарат толька каникей алып баргангоо ээ башкасында жок окшойт каныкейдин эле суроту эчки эрмерди. Бизде да барго биз аны жонле олтуруп салабыз чындап эле нурзатка кеткен акча жалка нурзат озу манисиз создорду коп суйлойт негизи
0
aitowa11
2014-02-06 05:33:29
Нурзаттка асылып баштадынарбы эми. Нурзат татыктуу алып баруучу. Коро албагандар туз жалагыла. Нурзаттай болуп иштегилечи королу. Анан силерге баа берели. Биз кыргыздар эч качан онолбойбуз, эч бироону коралбайбыз.
0
admin_superstan
2014-02-06 09:47:19
Bolo2, pakistanka, суроолор жана cын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
pakistanka, сайттын эрежелери боюнча кимдир бирөөнү мазактоого же кемсинтүүгө тыюу салынган. Эсиңизде болсун. Эскертүү!
Жеке айтышууларга жол берилбейт. Билдирүүлөр өчүрүлдү.
0
Aksana1602
2014-02-06 11:35:20
Orunkul korunboit goooo
+1
Jani1987
2014-02-06 11:52:58
Жакшы конулдуу эс алып келгиле кыргызымдын жылдыздары силерге ийгилик дагы кооп коп суротко тушуп койуп тургула биз силерди коруп бул жакта эс алгандай бололуу
+1
Atamdynkyzymyn
2014-02-06 12:27:44
Нурзат Токтосунова бул жерде корунбой калса калгандыр.Бирок соц. туйундорго саат сайын суротторду жуктоп куйормандары менен болушуудо башка эс алуучуларга (Э.Н , О.Ш ,Каныкей ,Добр) салыштырмалуу.
-1
Kutman88
2014-02-06 12:38:18
Маанайлуу ойногула жылдыздар. Азаматсынар силерди коруп биздин да ошондой ийгилике аракет кылат экенбиз
0
Jonaruk
2014-02-06 13:03:51
оо жакшы эс алып журушуптур булар бир ок каныкей кобуроок тушуптур баарын бирсийре тартып корсотсонор болмок дагы кобурок видеолорду жуктогулочу биз коруп туралы
0
Jonaruk
2014-02-06 13:06:24
жээним эмне кылып журду экен
0
pakistanka
2014-02-06 17:43:00
ay kirgizim aaaay erten nazira aytbekova barsa dele ani olorso maktap jaktap jatip kalasinar... suiutbekov1989 azamat chindikti tuura suylogon adamsin da...
0
hakker
2014-02-06 18:13:09
Обу жоктонуп боенбосо Каныкей деле сулуу кыз турбайбы.Элде жок болуп боенуп алып эле туру суук болуп корунот тура.
+2
gulu1991
2014-02-06 22:20:34
жыргап журосунор биз суукта журобуз орусияда
0
ai.asylbekovna
2014-02-06 22:52:43
Кандай жакшы ээ?Бул дагы Кудайымдын насиби.Канчалаган эмгегинердин тушуму да.
0
toichubek1984
2014-02-06 23:53:10
Урмату супер инфонун админи неге менин жазган комментаримди очуруп салдынар
0
admin_superstan
2014-02-07 10:12:21
toichubek1984, эрежеге туура келбеген билдирүү өчүрүлгөндө, ага жазылган жооптор кошо өчөт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан