Биз социалдык тармакта

Баткенде кыргыз-тажик чек арасына 327,7 чакырым тосмо орнотулду

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесин инженердик жактан жабдуу иштери аяктады. Бул тууралуу чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган мезгилде 327,7 чакырым чек ара тосмосу орнотулуп, 338,5 чакырым талаа жолу курулду.

Иштер бир катар күч түзүмдөрүнүн катышуусунда, анын ичинде тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жүргүзүлгөн.

Бул иштер мамлекеттик чек араны кайтаруунун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана чек арага чектеш аймактардын коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан