Биз социалдык тармакта

Соттук-эксперттик кызмат 45 багытта иш алып барат

Юстиция министри Алмаз Айылчиев министрликке караштуу Соттук-эксперттик кызматтын ишмердүүлүгү жана негизги милдеттери менен таанышты.

Маалыматка ылайык, учурда кызмат экспертизанын 45 түрүн жүргүзөт. Алар укук бузуулардын жагдайларын аныктоодо жана сот адилеттигин камсыз кылууда маанилүү роль ойнойт.

Экспертизанын негизги түрлөрүнө баллистикалык, автотехникалык, компьютердик-техникалык, химиялык, лингвистикалык, курулуш-техникалык, экономикалык жана өрт-техникалык изилдөөлөр кирет. Ошондой эле кол жазмаларды, документтерди жана башка материалдарды изилдөө жүргүзүлөт.

Таанышуу учурунда кадрлардын жетишсиздиги маселесине да көңүл бурулду. Бул көйгөй эмгек акынын деңгээли менен да байланыштуу экени белгиленди.

Министр соттук-эксперттик кызматтын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу шарттарын жакшыртуу боюнча иштер жүрүп жатканын белгиледи. Бул чара квалификациялуу адистерди тартууга, кесиптин жагымдуулугун арттырууга жана кадрлардын кетишин азайтууга багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан