Колумбиялык ырчы Шакира Бишкекке келгенден кийин Instagram баракчасына сүрөт жарыялап, “Салам, Кыргызстан!” деп жазды.
Ырчы бүгүн "Бишкек Аренада" өз чыгармаларын күйөрмандарына тартуулап, концерт берет.
Анын чыгармачылык кечесине 40 миңге чукул көрүүчү келери күтүлүүдө. Чет элдиктердин да саны көп.