Биз социалдык тармакта

Айбийке Уланбек кызы Азия Пара оюндарынын чемпиону болду

Кыргызстандык дзюдочу Айбийке Уланбек кызы Япониянын Айти-Нагоя шаарында өтүп жаткан Азия Пара оюндарында алтын медалга ээ болду. Бул тууралуу бүгүн, 19-октябрда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал 52 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашып, жарым финалда япониялык Юуй Фуживараны 1:0 эсебинде жеңди. Финалдык беттеште Индиянын өкүлү Кокиланы 1:0 эсебинде утуп, Пара Азия оюндарынын чемпиону аталды.

Мелдештер 24-октябрга чейин уланары маалымдалды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан