Орусия менен Кыргызстандын ортосунда түзүлө турган укуктук жардам борборунун ишин баштоо үчүн жарандарды онлайн форматта кабыл алуу сунушталууда. Бул тууралуу Орусия Федерациясынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантратова Москва шаарында Кыргызстандын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева менен жолугушууда билдирди.
Жолугушууда болочок Орусия-Кыргызстан укуктук жардам борборун түзүү жана анын практикалык ишин уюштуруу маселелери талкууланды. Борбор ачылганга чейин аралыктан кабыл алууларды уюштуруу сунушу айтылды. Бул демилге уюштуруу иштерин толук аяктоону күтпөстөн, эки өлкөнүн ортосунда жаңы форматтагы кызматташтыкты баштоого мүмкүндүк берет.
Демилге Яна Лантратованын Кыргызстандын жетекчилиги менен өткөргөн буга чейинки жолугушууларында жетишилген макулдашуулардын уландысы болуп саналат.
30-сентябрда Бишкек шаарында ал Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен эки тараптуу укуктарды коргоо жана укуктук колдоо борборун түзүү маселесин талкуулаган. Ал эми 4-октябрда бул демилгени президент Садыр Жапаров колдогон.
Учурда биргелешкен жумушчу топту түзүү боюнча иштер жүрүп жатат.
Мындан тышкары, жолугушууда эки өлкөнүн адам укуктарын коргоо институттарынын жаштар жана коомдук кеңештеринин кызматташтыгын өнүктүрүү маселеси каралды.
Яна Лантратова кыргызстандык жаш укук коргоочуларды 18-ноябрда өтө турган Акыйкатчылардын Евразиялык альянсынын XI жыйынына катышууга чакырды.