Кечээ, 19-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында президенттик шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдөгү маселелерди чечүү боюнча республикалык штабдын биринчи жыйыны болуп өттү.
Өкмөттүн маалымат кызматы отурумдун күн тартибинде төрт маселе каралганын маалымдады. Алар:
Отурумдун соңунда Адылбек Касымалиев алдыдагы президенттик шайлоо – элдин жана мамлекеттин келечеги үчүн маанилүү саясий окуя экенин айтып, 2027-жылдын 27-январына дайындалган кезектеги шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча негизги уюштуруу-практикалык иш-чаралардын календардык планын ишке ашырууга жооптуу бардык жетекчилерге тапшырмаларды дыкат жана өз убагында аткарууну тапшырган.