Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып инфляцияга каршы мамлекеттик программа иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
"Кудай буюрса, 2027-жылдын жыйынтыгын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча инфляцияны эң төмөнкү көрсөткүч менен жабабыз деген үмүтүбүз чоң",- деп жазды ал.