Нарын дарыясындагы Күрп-Сай суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, рейд учурунда суудан 500 метрден ашык синтетикалык тор чыгарылып, уруксат берүүчү документтери жок балык уулоо менен алектенген 13 жаранга протокол түзүлдү. Аларга жалпы 13 миң сом айып пул салынды.
Мындан тышкары, үч жаранга карата келтирилген зыян боюнча доо коюлуп, тиешелүү актылар түзүгөнү белгилүү болду.