21-25-октябрь күндөрү Бишкектеги Усубалиев атындагы аянттын айланасында айрым көчөлөрдө унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Раззаков жана Орозбеков көчөлөрүнүн Чүй проспектинен Фрунзе көчөсүнө чейинки тилкесинде, Эски аянтта жана Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын айланасында унаа кыймылы чектелет. Мындай чаралар "АгроТехЭкспо – 2026" жана "Алтын күз" көргөзмө-жарманкелерине байланыштуу кабыл алынды.
Айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландаштыруу сунушталды.