Бүгүн, 20-октябрда Япония Марстын Фобос жана Деймос спутниктерин изилдөө үчүн MMX космостук аппаратын учурду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.
Маалыматтарга караганда, аппарат Фобостон топурак үлгүлөрүн алып, аларды 2031-жылы Жерге жеткириши керек. Тапшырманын негизинде Фобостон 10 граммга жакын топурак чогултуу пландалууда.
Долбоордун баасы 578 миллион долларга бааланып, ага Япония, АКШ, Франция, Германия жана Европа космостук агенттиги катышып жаткандыгы белгиүү болду.