Бүгүн, 20-октябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубиону "Көрүнүктүү кызматы үчүн" ордени, ал эми АКШ президентинин түштүк жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Серхио Горду "Достук" ордени менен сыйлады. Бул тууралуу Өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.
Рубио өзбек-америкалык стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, саясий-дипломатиялык, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүүгө кошкон жеке салымы үчүн мамлекеттик сыйлыкка татыды.
Мындан тышкары, анын Борбор Азияда тынчтыкты, туруктуулукту жана туруктуу өнүгүүнү бекемдөө аракеттерине колдоосу белгиленди.
Ал эми Серхио Гор Өзбекстан менен АКШнын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоого, ошондой эле эки тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө кошкон салымы үчүн "Достук" ордени менен сыйланганы белгилүү болду.