Биз социалдык тармакта

Пашинян Садыр Жапаровду Казакстандын президенти деп атап алды (видео)

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян президент Садыр Жапаровду жаңылыштык менен Казакстандын президенти деп атап алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.

Садыр Жапаров 17-октябрда COP17 климаттык конференциясына катышуу үчүн Армениянын Ереван шаарына барды. Пашинян иш-чарада кагазды окуп жатып, Садыр Жапаровду "Казакстандын президенти" деп атаган. Андан кийин журналисттер менен баарлашуу учурунда да бул катасын бир нече жолу кайталаган.

Бул окуядан кийин Пашинян Армениянын протокол кызматынын жетекчиси Гагик Ваноянды кызматтан бошотту. Ал бул кызматты 2022-жылдын декабрь айынан бери аркалап келген.

Пашинян Садыр Жапаровду Казакстандын президенти деп атап алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан