Биз социалдык тармакта

Адахан Мадумаров соттон акталса, шайлоого катышмактыгын айтты (видео)

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Адахан Мадумаров соттон акталса, президенттик шайлоого катышмактыгын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 20-октябрда Жогорку Сот анын кассациялык даттануу арызын канааттандырбагандан кийин билдирди.

"Мени шайлоого бардыртпай коюунун аракети ушул болуп жатат. 100 пайыз бармакмын",- деди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Жогорку Сотто Мадумаровдун ага козголгон кылмыш иши боюнча буга чейинки соттук инстанциялар чыгарган өкүмгө каршы кассациялык арызы каралып, буга чейин чыккан чечимдерди күчүндө калтырган чечим чыкты.

Белгилей кетсек, Мадымаров 2023-жылдын 2-сентябрында камакка алынган. Анын иши 2024-жылдын 26-мартында Биринчи Май райондук сотунда каралып, ал "Мамлекетке чыккынчылык" жана "Алдамчылык" беренелери боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок кылмыштын эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазадан бошотулган.

Бишкек шаардык соту 2024-жылдын 10-июлунда Мадумаровго карата Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарган өкүмдү өзгөртүүсүз калтырган.

Адахан Мадумаров соттон акталса, шайлоого катышмактыгын айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан