Кыргызстанга телекоммуникациялык жабдыктарды алып келүүдө аткезчилик фактысы аныкталды. Бул тууралуу Коррупцияга каршы кызматы бүгүн, 5-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, чет элдик жаранга тиешелүү “Глобал Азия Телеком” ишканасы өлкөгө бажы көзөмөлүсүз жана мамлекеттик органдардын эч кандай уруксаты жок телекоммуникациялык жабдыктарды мыйзамсыз колдонгон. Натыйжада мамлекет 4 миллион сомдон ашык зыян тарткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында жогорудагы ишканадан аткезчилик жол менен келген жабдыктар табылып, мүлк камакка алынган.
Ал эми ишкананын ээси Б.С.В. аттуу чет элдик жаран 28-январь күнү кармалып, №1-СИЗОго киргизилген. Анын үстүнөн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “бажы жыйымдарын төлөөдөн четтөө”, “аткезчилик” беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.