Президент Садыр Жапаров 22-октябрда Жалал-Абадга болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарынын жана Сузак районунун тургундары менен жолугушту.
Өлкө башчысынын администрациясы тараткан маалыматка караганда, жолугушууда тургундар турак-жай, мүлк жана пенсионерлерди социалдык жактан колдоо маселелерин көтөрүшкөн. Мамлекет башчы ар бир кайрылууну адилеттүү карап, мыйзам талаптарын так сактап жана жарандардын укуктарын коргоо зарылдыгын белгилеген.
Жолугушуунун жыйынтыгында президент тиешелүү мамлекеттик органдарга көтөрүлгөн маселелерди ар тараптуу изилдеп, мыйзам чегинде зарыл чараларды көрүүнү тапшырган.