Бүгүн, 22-октябрда саат 00:45 чамасында Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспекти менен Киев көчөсүнүн кесилишинде Кайгуул милициясынын кызматтык унаасы Hyundai Sonata менен кагылышты. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктан Hyundai унаасынын айдоочусу жаракат алып, Улуттук госпиталга кайрылган. Эки айдоочу тең медициналык текшерүүдөн өтүп, алкоголдук ичимдиктерди жана баңгизаттарды колдонбогону аныкталган. Учурда кырсыктын себептери такталууда.