Йеменде Саадия Салех аттуу 12 жашар кыз "таш" көз жашы менен дарыгерлерди таң калтырды. Ал ыйлап жаткан учурда жаштын ордуна көзүнөн майда таштар чыгат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматтарга караганда, бул нерсеге 12 жашар кыз өзү да түшүнбөйт. Көзүнөн таштар чыгып жатканда эч кандай ооруну сезбейт.
Дарыгерлердин айтымында, Саадия Салех эч кандай оору менен оорубайт. Ден соолугу жакшы.
Ал эми айылдаштарынын айрымдары “бул кызга жин кирип кеткен” дешсе, кээ бири “жаңы эпидемиянын башталышы” деп кооптонушууда.