Акыркы сутка ичинде республика аймагында 9 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өрткө каршы мамлекеттик агенттиги бүгүн, 5-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1, Ош облусунда 2, Ош шаарында 2, Ысык-Көл облусунда 1, Баткен облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган. Өрттүн келип чыгуусуна жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү, электр жабдууларын колдонуудагы эрежелердин сакталбагандыгы себеп болууда.