20-22-октябрда Минск жана Несвиж шаарларында "КМШ мейкиндигиндеги музей демилгерели" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарага өлкөдөгү музей жетекчилери Кеңешбек Алмакүчүкөв, Замирбек Асаналиев жана Анара Байгабатова катышты. Бул тууралуу Мадиният министрлигинен маалымдашты.
Конференциянын жүрүшүндө музей тармагын өнүктүрүү, тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана жайылтуу, ошондой эле музей ишмердүүлүгүнө заманбап ыкмаларды киргизүү жолдору талкууланды.