Президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун эли менен болгон жолугуушусунда мектеп, бала бакча боюнча көтөрүлгөн маселеге жооп берди.
"Азыркы учурда авариялык абалда 111 гана мектеп калды. Буларды 2027-жылы салып берүүгө бүткүл күчүбүздү жумшайбыз. Ал эми бала бакчалар боюнча, мектеп курулуштары бүткөндөн соң, 2028-2029 жылдары ар бир айыл жергесин камсыз кылабыз. Ал менен эле бирге, маданият үйлөрүн,спорт жана маданият комплекстерин салып беребиз" , - деп убадалады президент.