Каракол шаарынын мэриясынын юристи 5 жыл жасалма диплом менен иштегени аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 40 жаштагы И.Эмил Кыргыз улуттук университетинин юриспруденция адистиги боюнча жасалма диплом менен иштеп келгени белгилүү болгон. Ал 2009-2014-жылдар аралыгында мэрияда эмгектенип, мамлекеттен берилүүчү жеңилдиктерден пайдаланып келген.
Аталган факты боюнча материалдар Облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.