Бүгүн, 23-октябрда президент Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокен районунун жана Майлуу-Суу шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу "Ынтымак Ордодон" билдиришти.
Маалымдалгандай, мамлекет башчы аймактарды өнүктүрүү, өнөр-жайды калыбына келтирүү жана инфраструктуралык долбоорлор жөнүндө айтып берген. Ошондой эле Ноокен районунун бюджети 2021-2025- жылдар аралыгында 659 миллион сомго, ал эми Майлуу-Суунун бюджети 119,3 миллион сомго өскөнү маалым болгон.
Жолугушуунун соңунда президент тургундардын суроолоруна жооп берди.