Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 22-октябрда Базар-Коргондун эли менен болгон жолугушуусунда сутканын төрт саатын эле уктап, 20 саатын иш үстүндө өткөрүп жатканын айтты.
Мамлекет башчысынын мындай билдирүүсүнө УКМК тарабынан кармалган жарандардын маселеси боюнча анын дарегине кат жазып, жооп ала албай жүргөнүн айткан тургундун сөздөрү себеп болду.
"Мага барып, кире албай калдым" деп эле... Эми силер 7,5 миллионсуңар, мен болсо жалгызмын. Ар ким барса эле кабыл ала албайм да. Менин иш тартибим бар. Ансыз деле 24 сааттын 4 саатын уктап, 20 саатын иш үстүндө өткөрөм. Ошондо да жетишпей жатам",- деди президент.