Астана шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпиондугунда грек-рим күрөшүнөн Амантур Исмаилов алгачкы атаандашын утту.
Ал турнирди 1/16 финалдык баскычтан баштап, түркиялык балбанды 9:1 эсебинде жеңип алды. Кыргыз балбаны 72 килограмм салмак ченинде күч сынашууда.
Айта кетсек, Исмаилов былтыр февраль айында президент Садыр Жапаровдун карындашы Лаззат Нуркожоевага үйлөнгөн.