Өлкө башчы Садыр Жапаров Камбар-Ата-2 ГЭСинин жанына Алексей Ширшов салган майнинг ферма боюнча кенен токтолду.
Президент Камбар-Ата-2 ГЭСинин кубаттуулугу 120 МВт болгону менен, эски электр чубалгыларынын айынан калкка болгону анын 90 МВт бөлүгүн гана жеткирүүгө мүмкүн экенин айтып, иштетилбей калган 30 МВттык кубаты майнингге колдонуу чечимин кабыл алганын билдирди.
"30-35 миллион доллардын тегерегинде каражат керектелет экен. Тиги пайдаланылбаган кубаттуулук жөн эле тургуча сен 30 МВттык майниг кургун деп тапшыргам. Ошону иштетип, 4-5 жылдан кийин мамлекетке өткөрүп бересиң дегем. Эми 2-3 жылдан кийин таштап кетет", - деди мамлекет башчы.