Мурдагы саламаттык сактоо министри, УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Каныбек Досмамбетов СИЗОдон бошотулуп, үй камагына чыкты. Аны менен кошо УКМК төрагасынын мурдагы биринчи орун басары Курванбек Авазов да бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 26-октябрда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук сотунун 22-октябрдагы токтому менен Досмамбетовдун баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Анын негизинде мурда колдонулган камакка алуу чарасы 9-ноябрга чейин үй камагына алмаштырылды.
Ал эми Авазов болсо 22-ноябрга чейин үй камагында болот.
Эскерте кетсек, буга чейин Башкы прокуратура алар ишкерден ири көлөмдө пара алууга жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга шектелип кармалышканын билдирген. 10-октябрда Биринчи Май райондук соту аларды бир айга камакка алган болчу.