Жон-Булак айылынын тургуну мал кайтарып жүргөн учурда көлөмү жылкы менен барабар бугуну көрүп, видеого тартып алган. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги билдирди.
"Буга чейин бугу-маралдар Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунун аймактарында гана катталган. Ал эми Жети-Өгүз районунда бугу буга чейин кездешкен эмес. Бугунун табигый шартта өз алдынча келип кездешүүсү жапайы жаныбарлардын табигый миграциясына байланыштуу болушу мүмкүн.
Бул көрүнүш бугу-маралдардын таралуу аймагы кеңейип жатканынан кабар берет. Бугунун жаңы аймакта байкалышы жапайы жаныбарлардын таралышын жана алардын жашоо чөйрөсүндөгү өзгөрүүлөрдү изилдөө үчүн маанилүү маалымат болуп саналат", - деп билдиришти мекемеден.