Биз социалдык тармакта

Дастан Бекешев: "Гимн ырдатуу менен камактагыларды тарбиялай албайсыңар"

Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев тергөө абактарында кармалгандарга күн сайын эртең менен мамлекеттик гимн ырдатуу тартибин сынга алды.

Эл өкүлү СИЗОдо кармалгандарды күн сайын эртең менен мамлекеттик гимн ырдоого мажбурлоо канчалык натыйжалуу жана туура экенине кызыкты.

"СИЗОдо отургандар кичинекей балдар эмес. Аларды күн сайын эртең менен гимн ырдоого мажбурлайсыңар. Мамлекеттик гимнди мен жакшы көрөм. Бирок бул канчалык натыйжалуу жана туура? Эгер кимдир-бирөө гимнди туура эмес ырдаса же өз убагында келбесе, жазага тартылат. Жөн гана ырдашса бир жөн, бирок бул үчүн да жазалоо бар.

Албетте, алар камакта отурушат, бул курорт эмес. Муну баарыбыз жакшы түшүнөбүз. Бирок гимн ырдатуу менен камактагы адамды кантип тарбиялайсыңар? Мындай эскирген эрежелерди өзгөрткүлө. Ар бирибиз ошол жерге түшүп калышыбыз мүмкүн. Ошондуктан ал жакта жок дегенде адамга мүнөздүү мамиле болушу керектигин түшүнүшүбүз зарыл",- деди ал.

Дастан Бекешев: "Гимн ырдатуу менен камактагыларды тарбиялай албайсыңар"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан