Мал уурулук фактысына шектелип Чүй облусунун 4 тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 5-февралда билдирди.
Маалыматка караганда, Мурас-Ордо жаңы конушунун 66 жаштагы тургуну милицияга кайрылган. Ал короодо байланып турган эки саан уюн белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин айткан.
Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында кылмышка шектелип 26 жаштагы Суратали, 27 жаштагы Абдысамат, 29 жаштагы Курманбек жана 27 жаштагы Толкунбек кармалган. Алар уйларды сатканга үлгүрүшкөн. Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, аларга карата “мал уурулук” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышкерлердин Чүй облусунун аймагында катталган башка мал уурулук фактысына тиешеси бар экендиги аныкталды.