Биз социалдык тармакта

Караколдо 530 ипотекалык батирдин курулушу ноябрда аяктайт (видео)

Каракол шаарында "Хан-Теңири" турак жай комплексиндеги курулуштун экинчи этабында 530 ипотекалык батир ноябрда пайдаланууга берилет. Бул тууралуу бүгүн, 28-октябрда президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, жооптуу кызматкерлерге иштерди белгиленген мөөнөттө сапаттуу аяктоо боюнча тапшырмаларды берди.
"Жалпысынан "Хан-Теңири" турак жай комплексинин долбоору 69 турак жай блогунан турган 3430 батирди камтыйт. Өткөн жылы комплекстин биринчи этабында 420 батир пайдаланууга берилди. Комплекстин аймагында мектеп жана 2 бала бакча куруу каралган",- деп белгиленет маалыматта.
Караколдо 530 ипотекалык батирдин курулушу ноябрда аяктайт
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан