7-ноябрда Бишкек шаарында "Кимчи" фестивалы өтөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара Курманжан датканын эстелигинин жанындагы сейилдөө аллеясында өтөт. Аталган иш-чараны Түштүк Кореянын Кыргыздагы элчилиги мэрия менен биргеликте уюштурууда.
"Анын максаты - корей маданияты, каада-салды жана ашканасы менен тааныштыруу, ошондой эле эки өлкө арасындагы байланышты жакшыртуу. Келген коноктор кимчинин даамын татып, аны даярдоо боюнча мастер-класска катыша алышат",- деп белгиленди маалыматта.