Биз социалдык тармакта

Бишкекти көрктөндүрүүгө салым кошкондор сыйланышты

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев "Жашыл шаар" аттуу сынактын жеңүүчүлөрүн куттуктап, аларга акчалай сертификаттарды тапшырды.

Борбор калаа бийлиги маалымдагандай, быйылкы сынактын алкагында биринчи жолу шаарды жашылдандырууга салым кошкон ишкердик объекттер да сыйланышкан.

"Сынактын катышуучулары беш номинация боюнча ат салышкан. Тагыраагы, "Мыкты жашыл короо", "Мыкты жашыл көчө", "Гүлдөгөн бизнес-оазис", "Мыкты жашыл билим берүү мекемеси" жана "Мыкты муниципалдык аймактык башкармалык" деген. Жеңүүчүлөргө 50 миң сомдон 220 миң сомго чейин берилген",- деп белгиленди маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан