Кечээ, 28-октябрда Бишкек шаарынын мэриясында автобустардын айдоочуларын чогулткан жыйын болду. Ага калаа башчысы баш болгон жергиликтүү бийлик өкүлдөрү да катышты.
Баш калаанын мэриясы маалымдагандай, жыйында коомдук көзөмөлдү күчөтүү максатында автобустарга бирдиктүү WhatsApp номурун чаптоо сунушу киргизилген. Жүргүнчүлөр ал номур аркылуу автобустун айдоочу бузган эрежелерди фото жана видеого тартып жөнөтө алышат.